Кызыл-Кыя шаардык №13 И. Абдрахманов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 2022-жылдын 9-июнунда “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу аземи болуп отту.
9-июнь күнү биздин 9-класстын окуучуларынын “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу аземи болуп өттү. Анда 5-6-7-8-9-класстардын окуучулары, класс жетекчилери, мектеп админстрациясы жана ата-энелер катышты. Эрте мененки саат 9:00дө баардык окуучулар жана келген коноктор тизилип, биздин сүйүктүү 9-“а” класстын окуучуларын шаңдуу тосуп алдык. Эң алгач эле салтанатту аземди ачып берүү үчүн мектеп директору Эрматов Алмаз Кудайбердиевич сөзгө чакырылды. Агайыбыз бүтүрүүчүлөргө өзүнүн жакшы ой-тилектерин айтып куттуктады. Биздин салтанаттуу “Акыркы коңгуроо” аземине шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Кулматова Талила Халмурзаевна келип, бүтүрүүчүлөрүбүзгө өз куттуктоосун айтып, ошону менен биргеликте жыл ичинде шаардык жана областык сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон биздин мугалимдерибизди да куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин айтып өттү. Бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн концерттик программасын тартуулап, келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты. Ал эми биздин бүтүрүүчүлөрдү куттуктап 1-“в” класстын окуучулары өздөрүнүн ырын айтып, бийлерин бийлеп беришти. Бүтүрүүчүлөр ыраазычылык катары 1-класстын окуучуларына өздөрүнүн кичинекей белектерин ыйгарышты. Күн ыссык болгонунуа байланыштуу салтанаттуу жыйынды кыска жана чакан өткөрүүгө аракет кылдык. Салтанаттуу жыйындын акырында ата-энелерге сөз берилип, алар 9-класстын класс жетекчисине жана жалпы мугалимдерге ыраазычылык айтышты..
Комментарии