Мектепке кабыл алуу жөнүндө

Урматтуу келечектеги биринчи класстардын ата-энелери (мыйзамдуу ѳкүлдѳрү)!

Балдарды 1-класска электрондук каттоо 10-апрелде башталат
На русском
Жаңылыктар | 13:08, 3-апрель 2023 | 285

Билим АКИpress — Балдарды 1-класска электрондук каттоо 10-апрелде саат 9:00дө башталат.

Электрондук каттоо 2 этапта жүргүзүлөт:

юридикалык жашаган жери боюнча — 10-апрелден 25-июнга чейин
жашаган жерине карабастан — 26-июндан 31-августка чейин.
Электрондук каттоо аркылуу1-класска өтүнмө берүү үчүн уюлдук телефон же компьютердин жардамы менен интернетке кирүү керек. https://mektep.edu.gov.kg/ порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл. Сиздин суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде бар.

10-апрелден тарта дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн 18:00гө чейин жарандарга кеңеш берүү үчүн чалуу борбору (110 телефону) иштей баштайт. Чалуу акысыз.
Толугураак https://bilim.akipress.org/kg/news:509659//?f=cp

«Мектепке электрондук жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык системасында иштетилүүчү жеке маалыматтар

«Мектепке электрондук жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык системасында баланын, арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн, КРнын жаранын жана чет жердик жарандын жеке маалыматтары иштетилет:

  1. Аты-жөнү (баланын жана арыз берүүчүнүн);
  2. Баланын жынысы;
  3. Баланын туулган күнү, айы, жылы (мындан ары — датасы);
  4. Арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн байланыш телефондору;
  5. Жашаган жеринен алынган маалымадамага туура келген жашаган жеринин адреси;
  6. Арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн электрондук адреси

МГга бекитилген террияторияда жашабаган балдар үчүн 1-класска кабыл алуу бош орун болгондо гана жүргүзүлѳт.

Урматтуу ата-энелер, көрсөтүлгөн даректерде  жашаган мектеп жашына чейинки курактагы балдардын тизмесин тактоо максатында, балаңыз тууралуу маалыматты үй комитетинин башчысына  берүүңүздөрдү суранабыз.

Мектеп  жашына чейинки курактагы балдардын ата-энелеринин мектептин кичи аймагында  жашагандыгы документтик  түрдө аныкталат.

1-класска кабыл алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  1. баланын туулгандыгы тууралуу күбѳлүктүн оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
  2. баланын жашаган жеринде катталгандыгы жѳнүндѳ маалым кат;
  3. ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) паспортунун оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
  4. мектепке кабыл алуу жѳнүндѳ ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) арызы;
  5. Баланын медициналык картасы —№ 026 формасы;
  6. Баланын эмдѳѳ картасы —№ 063 формасы;
  7. 3х4 ѳлчѳмүндѳгү баланын сүрѳтү – 2 даана;
  8. Окуучунун ѳздүк делосу (А5 форматы).

Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо

https://mektep.edu.gov.kg/