Маалыматтык — китепкана кызматы

Китепкананын иштери

Август айында китепкананын окуу фондусундагы китептердин саны такталып чыкты. Сентябрь айында предметтик мугалимдер окуу жана методикалык колдонмо китептерди алышты ,ошондой эле ремонттолгон китептер бардык класстарга таркатылып берилди. 1-сентябрь билим күнү майрамдалды . Ар бир класстын китеп секторлору менен аңгемелешүү жыйыны болуп өттү. Ошондой эле почтадан келген гезиттерди өз убагында алып мугалимдер окуп турушат . Ата –энелер дагы кызыккандар китепкана менен таанышып кирип турушат. Окуучулар китепкана менен тыгыз байланышта болуп адабий китептерди алып окуп турушат. Жаңы китептерди 5-6-класстарга берилди, алар арендасын төлөштү . 23- сентябрда Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын 33 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлдү.15-сентябрь күнү кыргыз тили жана адабияты мугалими Жумаева Асылкан эжеке кыргыз тилинин мамлекеттик статусту кабыл алгандыгы жөнүндө кеңири  маалымат берип өттү. Мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына арналган концерттик программа болду . 2- класстан баштап 9- класска чейин бардык класстар өздөрүнүн өнөрлөрүн, тил жөнүндө ырларын ырдап, бийлеп беришти. К.Маликовдун 111- жылдыгына карата өмүр баяны жана чыгармалары жөнүндө реферат, сүрөттөр 8-класстын окуучулары менен биргеликте  чыгарылды. Жазуучу С .Эралиевдин өмүр баяны , чыгармалары тууралуу класс жетекчилер тарабынан 6-7-класстарга класстык сааттар өтүлдү. Китепканага 1-4 класстар менен китепканага саякат жүргүзүлүп,балдарга аңгеме, жомоктор окулуп берилди.

Орус жазуучусу Сергей Аксаковдун 231- жылдыгына карата 3-4 класстар анын чыгармаларынан көркөм окуп беришти.

Ошондой эле Ломоносовдун 311- жылдыгына 9- класстар менен Мурзалиева Зарипа эжеке өмур баяны , чыгармалары жөнүндө ангемелешуу өткөрдү .Ошону менен бирге орус жазуучусу Достоевскийдин өмүр баяны ,чыгармалары тууралуу 9- класстар ,класс жетекчи Токурова Наринса эжей менен биргеликте дубал газета чыгарышты.

5-декабрь Манас күнүнө карата кыргыз тилчи мугалимдер бир жумалык иш план түзүшүп,5-9-класстар менен иш-чараларды өткөрүштү. 29-ноябрь ачылышы болуп,кыргыз тили жана адабяты мугалими Кыпчакова Аширкан доклад окуду. 30-ноябрда кыргыз тили жана адабияты мугалими Жумаева Асылкан 8-класска “Манас-кыргыз элинин энсиклопедиясы катарында”деген темада ачык сабак өтүп берди.1-декабрь-күнү 5-9-класстар арасында Манас айтышуу сынагы болуп ттү. 2-декабрь күнү  8-9-класстар менен Сайпидинова Уринса эжеке викторина өткөрдү.

Саясий ишмер Ж. Абдрахмановдун 120 – жылдыгына карата өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча китепканачы Пайзилдаева окуучуларга доклад окуду.

Ушул эле айда 12- декабрь улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун 94 жылдыгына карата төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлдү. 6-декабрь күнү кыргыз тили жана адабияты мугалими Кыпчакова Аширкан “Ч.Айтматов-залкар жазуучу”деген темада доклад окуп берди.7-декабрда 7-9-класстар арасында жазуучунун чыгармалары боюнча кроссворд толтурушту.9-декабрда “Менин сүйүктүү каарманым”аттуу сүрөт сынагы болду.Окуучулар кызыгуу менен катышышты.

Ошондой эле Мукай Элебаевдин 115 жылдыгына карата 5- класстар арасында жазуучунун  чыгармаларынан көркөм окуу болуп өттү.

Ал эми январь айында “Керемет окуу”долбоору боюнча  “Кичинекей китепче” аттуу китеп жасоо конкурсу өткөрүлдү.Анда төмөнкү окуучулар мыкты китеп ээси болуп табылды.1-класстар арасында

1.1-орун 1-в класс Газыева Н.

1.2-орун 1-б класс Тажибаева А.

3.3-орун 1-а класс Жанибекова А.

2-класстар ортосунда 1-орун 2-д,2-орун 2-в,3-орун 2-бкласска берилди.

Ал эми 3-класстардан

1.1-орун 3-а класс

1.2-орун 3-вкласс

3.3-орун 3-д класс

4-класстардан төмөнкү окуучулар орундарга ээ болушту.

1.1-орун Кадырова Г.

2.2-орун Кадырова Р.

3.3-орун Сабыралиева З.

3-февраль-бүткүл дүйнөлүк көркөм окуу күнүнө карата бардык класстар адабият сабагында көркөм окуу сабагын өткөрүштү.

Февраль айында 21-февраль бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата эне тили   боюнча кыргыз тилчи мугалимдер окуучуларга доклад окуп беришти. Ушул эле айда “Окуу керемет”долбоору боюнча башталгыч класстын окуучуларынын ата-энелери балдарга жомокторду окуп беришти.

Ал эми март айында 8-март айында аялдардын эл аралык күнүнө карата “Алтын апам”аттуу сүрөт тартуу конкурсу болуп өттү.

Фонддо 2022-2023-окуу жылынын башында  жалпы 6413 китеп болгон,анын ичинен кыргыз тилдүү класстар үчүн 5680 китеп,1150 китеп орус тилдүү класстар учүн,адабий китеп 482 ,методикалык китептер 231. Китепканага кыргыз тилдүү класстар үчүн 252 китеп,орус тилдүүлөр үчүн 165 китеп,методика боюнча 18 китеп,1 адабий китеп келип,китепканада жалпы 6830 китеп болду.