Усулдук кызматы

Усулдук иштер

Усулдук иштерди жүргүзүүдө жакшы көңүл бөлүнгөн. Бул иштерди жүргүзүү боюнча усулдук атайын кеңеш түзүлгөн, бул кеңештин курамына мектептин эн алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдери киргизилген.

Мектепте 5 усулдук бирикме иштейт:

Усулдук бирикменин кеңешмесинде төмөндөгүдөй маселелер каралды:

  • У/бөткөн окуу жылындагы иштеринин жыйынтыгы, жаңы окуу жылына карата милдеттери;
  • 1-9-класстардын окуучуларын окутуп, тарбиялоодо, жаңы окуу техналогиясын өз иштеринде колдонуу;
  • Мектеп ичинде жана шаар ичинде предметтик олимпиадаларды уюштуруу, предметтик жумалыктарды, айлыктарды өткөрүү, ачык сабактарды өткөрүүнү уюштуруу;
  • Мугалимдердин алдыңкы тажрыйбасын жайылтуу;
  • Семинар: Жаңы компетенттүүлүктүн негиздери, иштелип чыккан стандарттардын өзгөчөлүктөрү боюнча семинар;
  • Семинар: Позитивдуу тарбия,кайтарым байланыш;
  • Семинар: Биз биргеликте медиа сабаттуулукка жетишебиз. Шерали к Жазгул
  • Семинар: Видио сабак жасоонун ыкмалары Шишманова Н.
  • Семинар: Дидактикалык материалдарды колдонуунун жолдору Токурова Н.
  • Семинар: Маселе чыгарууда шартын түзүүгө көңүл буруу. Садырова А.
  • Семинар: Тарбиясы оор балдар менен иштөөнүн жолдору Карабаева Р.
  • Семинар: Окуудан жетишпеген окуучулар менен кантип иштөө керек? Сайпидинова У.

Ошондой эле “Сабактардын планын тузүү”, “Журналдарды кантип толтуруу керек?” деген темада насаатчылар жана ОББ тарабынан семинарлар өткөрүлүп, жаш мугалимдерге үйрөтүлдү. Ноябрь айында “Дидактикалык материалдарды колдонуунун жолдору” деген темада Токурова Наринса, декабрь айында Карабаева Ранагул “Тарбиясы оор балдар менен иштөөнүн жолдору” деген темада,  январь айында Женмуратова Гулмира “Инсанга багыттап окутуу” деген темада, март айында Сайпидинова Үринса “Окуудан жетишпеген өздөштүрүүсү начар окуучулар менен кантип иштөө керек?” деген темада  жаш мугалимдерге семинарлар өткөрүлүп, насааттар берилип турулду.

Окуучуларды тарбиялоо убагында эмгекке тарбиялоо жакшы жолго коюлган. Мында атайын план түзүлгөн. Жогорку классынын окуучулары бир нече тайпаларга бөлүнгөн.

1-тайпа. Китепканадагы окуу китептерин оңдоо, түзөө иштери боюнча китепканачыга жакындан жардам берүү.

2-тайпа. Коридорду жана мектептин айланасындагы участкаларды көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга жардам берүү.

Ар бир усулдук бирикменин окуу жылы боюнча иш планы түзүлүп, ай сайын чогулуштар өткөрүлүп, аларга убагында токтомдор түзүлүп турулду. Усулдук бирикменин предметтик газеталарын чыгаруу, жумалыктарын өткөрүү салтка айланып калган.

Табият таануу, башталгыч класс бирикмеси, сүрөт, музыка, эмгек, кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмеси жумалыктарды жогорку деңгээлде өтүштү.