Биз жөнүндө

МЕКТЕП ЖӨНҮНДӨ ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ

Кызыл-Кыя шаардык №13 И.Абдрахманов атындагы жалпы билим берүү орто мектеби Баткен областына караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы Асаналиева көчөсүндө жайгашкан. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 30.07.2019-жылдын 925/1 сандуу буйругунун негизинде №13 И.Абдрахманов атындагы жалпы билим берүү орто мектеби болуп түзүлгөн. Ошентип, Кызыл-Кыя шаардык №13 И.Абдрахманов атындагы жалпы билим берүү орто мектеби 2019-2020-окуу жылында мектеп болуп бекитилип, ишке киргизилди. 2021-2022-окуу жылында өз ишин улантып келүүдө.

Мектептин имараты эки кабаттан туруп, шаардагы мектептерде көп жылдар бою мугалим жана директор болуп иштеп келген тажрыйбалуу инсан Испан Абдрахмановдун атына коюлган.

Кызыл-Кыя №13 И.Абдрахманов атындагы жалпы билим берүү орто мектеби 2022-2023-окуу жылында «Ар бир баланын инсандык талаптарын эске алуу менен татыктуу билим жана тарбия берүү» деген милдеттердин үстүндө иштешип келүүдө.

№ 13 Испан Абдрахманов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 42 мугалим эмгектенет, 9 мугалим декреттик өргүүдө.

Бардык мугалимдер

Билими Жыл ичинде
Баары Жогорку Бүтпөгөн жогорку Атайын орто Келди Кетти
Аялдар 38
Эркектер 4
Бардыгы 42

Мектепте бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын эл агартуунун отличниги -5, Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун отличниги-1 эмгектенет. Алар:Сайпидинова Уринса Мамажановна, Токурова Наринса Түркбаевна, Ташполотова Баргүл Дыйкановна, Карабаева Ранагүл Орозбаевна, Эрматов Алмаз Кудайбердиевич.

Мектепте окуу эки сменде жүргүзүлөт. 31 класс комплектиси бар, башталгыч класстар-19; жогорку класстар – 12. Математика, кыргыз тили, тарых, биология,физика, орус тили, англис тили, информатика, башталгыч класс кааналары, балдар үчүн техникалык мастерской, кыздар үчүн эмгекти тейлөө, эс алуу каанасы бар. Ошондой эле 120 орундуу ашкана, китепкана бар.

Быйылкы окуу жылында 853 окуучу кабыл алынды. Азыркы учурда 834окуучу билим жана тарбия алып жатат

Жыл башында:

Мектеп боюнча 853

Башталгыч класстарда 542 Жогорку класстарда 311

Жыл аягында:

Мектеп боюнча 834
Башталгыч класстарда 537 Жогорку класстарда 297

Жыл ичинде жетишүү 98 % ал эми, билим сапаты 42,0 %.

-Мектепте жетишкендиктер менен кошо кемчилдиктер да болду.Мугалимдер арасында эмгек тартибин бузган учурлар да болду. Сабактан кеч калуу ,сабактарды калтырууболуп жатты.

-Кээ бир класс жетекчилердин ата-энелер окуучулар менен байланышы начар болду.

Мугалимдердин кетирген кемчилдиктерине эскертүүлөр берилип убагында оңдолуп жатты.

Жыл аягында окуучулардын билим сапаты төмөндөгүдөй көрсөткүчкө ээ болду:

№ Класстар Бардык окуучулар “Эң жакшы“ “Жакшы“ “Канааттан
дырарлык“

Жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн кабыл алынган 2022-2023-окуу жылына карата базистик окуу планы боюнча сабактар өтүлүп жатат. Окуу процесси жумасына 5 күн өтүлөт.

Ошондой эле мектепте кошумча окутуу, кызыктыруучу ийримдер иштеп турду.

№13 И.Абдрахманов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин 2022-2023-окуу жылындагы аралыктан окутуу боюнча төмөндөгүдөй иш-чаралар өткөрүлдү.

Быйылкы окуу жылында сабактар 1– сентябрдан башталды.Жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн кабыл алынган 2022-2023-окуу жылына карата базистик окуу планы боюнча түзүлгөн окуу программалары өтүлүп, окуу планы толугу менен аткарылып жатат.

Мектепте окуучуларды китеп менен камсыз кылуу 66 % түзөт.