Ийримдер жана секциялар

Ийримдер

«Чебер колдор» ийриминин жетекчиси Карабаева Рано. Бир нече жылдан бери «Чебер колдор» ийримин жетектейт. Бул окуу жылында окуучу кыздарга колго кийип ойноочу оюнчуктардын түрлөрүн жана кыргыз жашоосун чагылдырган панолорду жасоонун ыкмалары жөнүндө түшүнүк берилип жасалды, кагаздан гулдөрдү жасоодо чыгармачылык менен көркөм панолор жана сувенир сыяктуу көркөм буюмдар жасалды. Жаңы-жылга карата арча, кар киши, кышкы көрүнүштөр панолор түрдүү материалдардан жасалып, окуучулар абдан активдуу катышты. Пейзаждык картинаны жасоо үчүн тоо, арча, боз үй фонду түстүү кездемеден, кийизден жабыштырып, бөлүктөр тигилди.Боз үйдүн үстүңкү бөлүгүнө Манас , Бакай, Каныкей сыяктуу эпостогу каармандардын сурөттөрү түшүрүлүп, орнаменттер менен жасалгаланып кездеме менен жабылды.

«Жаш тилчи» ийримин биология мугалими Сайпидинова Уринса жетектейт. Бул окуу жылында 5-9-класстын окуучуларынын арасынан жөндөмдүү балдарды каалоолору менен тандап алган. Бул окуучулар менен тил жана адабият боюнча үйрөттү. Реферат, кластер, буклеттерди жазышып, көркөм окууга үйрөнүштү. Ошондой эле “Манас таануу” боюнча суроолорду талкуулап, тесттер менен иштеп, жыйынтыгында сынактарга катышып Кадамжай шаарында өткөрүлгөн сынакка барышты.

“Манас таануу” ийримин тарых мугалими Туманов Куштарали Кадыралиевич жетектейт.Мугалим окуу жылыда көптөгөн иш чараларды өткөрүп Манас айтуу боюнча конкурстар болуп өттүү.Манастын училтигин окуу боюнча тесттик иштер алынды.Жыйынтыгында жакшы жемиштерге ээ болду.

Ал эми волейбол, шахмат, стол тенниси, жеңил атлетика, футбол боюнча ийримди дене тарбия мугалими Пазылов Арстан жетектейт. Шахмат оюну боюнча шаардык мелдешке катышышты.

Келечекте жогоруда көрсөтүлгөн иштерди уланта беребиз. Жаш муундарга дене тарбия жагынанжакшытарбияберип, алардынден-соолугунчындайбермекчибиз.