Камкорчулук кеңеш

Кыргыз Республикасынын Камкордук көрүүчү Кеңеши жөнүндө  ЖОБО

(Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрилигинин №609/1  2013-жылдагы буйругу менен бекитилген)

  1. Жалпы жобо
  2. Камкордук көрүүчү Кеңештин милдеттери жана максаттары
  3. Камкордук көрүүчү Кеңештин функциялары
  4. Камкордук көрүүчү Кеңешти түзүү тартиби жана анын компетенциялары

Бул Камкордук көрүүчү Кеңеш жөнүндөгү  жобо  Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамын аткаруу жана Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мындан аркы тең башкаруунун түрүн өркүндөтүү  анын ичинде, бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу менен ага көзөмөл кылуу максатында иштелип жана кабыл алынды.

1. Жалпы жобо

  • Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарындагы Камкордук көрүүчү Кеңеш (мындан ары – Камкордук Кеңеш) юридикалык макамы жоктугуна карабастан, жалпы билим берүү уюмдарында терең башкаруучу, билим берүү уюмдарында белгиленген максаттарга жетүү үчүн көмөк көрсөтүүчү функцияларды ишке ашыруучу, ошондой эле, кошумча (бюджеттен тышкары) каражаттарды тартуучу, алардын максаттуу колдонулуусун көзөмөлдөөчү орган.
  • Демөөрчүлүк жардам – жалпы билим берүү уюмдарынын материалдык – техникалык жана окуу  базасын колдоо үчүн юридикалык жана жеке тараптардын ыктыярдуу салымы.
  • Камкордук Кеңештин мүчөсү – кайтарымсыз негизде жалпы билим берүү уюмдарын тең башкарууда ыйгарым укукта иш жүргүзөт.
  • Камкордук Кеңешинин банктык эсеби – жалпы билим берүү уюмунун эсеби, ага демөөрчүлүк жардамдардан түшкөн каражаттар түшөт. Жалпы билим берүү уюмуна жана анын жамаатына көрсөтүлүүчү ар кандай  ыктыярдуу финансылык жардамдар аталган эсеп аркылуу жүргүзүлөт.

2. Камкордук Кеңештин милдеттери жана максаттары.

  • Камкордук Кеңештин негизги максаты бул- билим берүү уюмунун уставдык функцияларын ишке ашыруу, материалдык-техникалык жана окуу базасын чыңдоого багытталган уюмдардын жана жеке жарандардын биргелешкен аракеттерин бириктирүү, ошондой эле жалпы билим берүү уюму тарабынан бюджеттен сырткаркы каражаттарды максаттуу колдонуусун көзөмөлдөө болуп саналат.
  • Камкордук Кеңештин негизги милдетгери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
  • демөөрчүлүк жардамдарды жана гранттарды максаттуу жана рационалдуу пайдаланууну көзөмөлдөөнү камсыз кылуу;
  • жалпы билим берүү уюмунун материаддык -техникалык жана окуу базасын чындоого, жакшыртууга, анын айлана тегерегин жана имаратын көрктөндүрүүгө көмөк көрсөтүү;
  • билим берүү процессин ишке ашыруу үчүн шарттарды жакшыртууга, окуучулардын өмүрүн жана ден соолугун коргоого көмөктөшүү;
  • окуучулардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
  • жалпы билим берүү уюмунун өнүгүү стратегиясын жана миссиясын аныктоого көмөктөшүү;

3. Камкордук Кеңештин функциялары.

3.1. Камкордук Кеңеши:

  • жалпы билим берүү уюмунун өнүгүүсүн жана ишмердүүлүгүн камсыздоо үчүн бюджеттен сырткаркаражаттарды тартууга көмөктөшөт;
  • жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык жамаатынын жана башка кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртууга жана уюштурууга көмөктөшөт;
  • жалпы билим берүү уюмунда конкурстарды, мелдештерди жана башка массалык мектептен тышкаркы иш чараларды уюштурууга көмөктөшөт;
  • жалпы билим берүү уюмдарынын материалдык- техникалык базасын чындоого, мектептин имаратын жана айлана тегерегин көрктөндүрүүгө;
  • жалпы билим берүү уюмунун иш аракеттеринин так иштөөсүн жогорулатууга багытталган демилгелерди талдайт жана көрсөтөт;
  • жалпы билим берүү уюмунун уставында Камкордук кеңешинин компетенциясына кирген ар кандай суроолорду карайт;

3.2. Камкордук  Кеңеш башка башкаруу органдарынын компетенциясына кирген ишмердүүлүктөрдөн сырткары, жалпы билим берүү уюмунун өз ишмердүүлүгүн ишке ашыруусуна байланышкан суроолорду карап чыгууга укуктуу.

 

 4. Камкордук Кеңеш түзүү тартиби жана анын компетенциялары.

4.1. Камкордук Кеңеш пропорционалдуу негизде төмөнкү курамдан турат:

  • инженерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнөн;
  • илимий жана били берүү уюмдарынан;
  • эл аралык, коомдук бей өкмөт уюмдарынан;
  • ата-энелердин бирикмелеринен;
  • билим берүүнү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн;
  • жеке тараптардан:

4.2. Камкордук Кеңештин курамы жалпы билим берүүчү уюмдардын педагогикалык курамы жана ата-энелердин, коомчулугунун өкүлдөрү катышкан чогулуштун чечими менен бекитилет.

4.3. Камкордук Кеңеш 11 адамдан кем эмес, 15 адамдан ашык эмес түзүлөт. Камкорду көрүүчү Кеңештин ыйгарым укуктуу мөөнөтү — 3 жыл.

4.4. Камкордук Кеңешинин төрагасы ачык добуш берүү жолу менен Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк менен 1 жылга шайланат (кайра шайланат).

4.5. Камкордук Кеңештин төрагасы:

  • Камкордук Кеңештин иштерин уюштурат, ошондой эле, өз ара мамиле иштешүүдө Кеңештин ишин баардык мамлекеттик уюмдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарында жана башка уюмдарда көрсөтөт.
  • Кенештин отурумунда каралуучу маселерди күн мурунтан аныктап, Кеңештин отурумун чакырат.
  • Кеңештин ишинин жыйынтыктарын жалпылаштырат, Кеңештин ишин жакшыртууга багытталган чараларды көрөт.
  • Жалпы билим берүүчү уюмдарда түзүүчүлөргө, жергиликтүү мамлекетик администрацияга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалымат берет.
  • Камкордук көрүүчү Кеңештин чечимине ылайык башка функцияларды да аткарат.

4.6. Камкордук Кеңеш өзүнүн курамынан 3 жылдык мөөнөткө Кеңештин катчысын шайлайт.

4.7. Камкордук көрүүчү Кеңештин катчысы:

  • Кеңештин отурумун даярдоону камсыз кылат:
  • Отурумдун убакты-саатын аныктап, Кеңештин мүчөлөрүн чакырат, отурум жүрүп жатканда, протокол толгурат;
  • Кеңештин иш-кагаздарын уюштурат жана жүргүзөт жана Кеңеш чыгарган чечимдердин аткарылыш мөөнөтүн көзөмөлгө алат;
  • Кеңештин төрагасынын жана Кенештин берген тапшырмаларына
  • ылайык башка функцияларды да аткарат.

4.8. Кеңештин мүчөлөрүнүн отурумуна кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышса өткөрүлүүгө мүмкүнчүлүк алат. Отурумга катышкандардын 2/3 кем эмес добушун алган чечим кабыл алынды деп эсептелет. Отурум зарылчылыктың чегинде, 3 айда бир жолу төраганын чечими менен өткөрүлөт. Кеңештин чечими Кенештин компетенциясынын алкагында гана кабыл алынат, протокол түзүлүп, төрага тарабынан кол коюлат.

4.9. Камкордук көрүүчү Кеңештин курамына аймактык билим берүү башкармалыгынын органы өзүнүн өкүлүн үзгүлтүксүз жиберип турат.

4.10 Камкордук көрүүчү Кеңештин шайлоосун жалпы билим берүүчү уюмдун администрациясы (мүдүрү) уюштурат.

4.11. Бир жалпы билим берүүчү уюмда бир камкордук көрүүчү Кеңеш иштейт.

4.12. Жалпы билим берүү уюмундагы бир эле Камкордук Кеңештин мүчөсү Кыргыз Республикасының башка бир экинчи камкордук Кеңешине кайталап мүчө боло албайт.

4.13. Камкордук Кеңештин мүчөсү каалаган учурунда, Кеңештин курамынан чыгып кетүүгө укуктуу. Иш жүзүндө Кеңештин курамынан чыгып кеткенге чейин, ал бир ай мурун төрагага арызын берет.

4.14. Камкордук Кеңештин же анын мүчөсүнүн ишин токтотуу тууралуу чечимди кабыл алуу жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык жана ата-энелердин коомчулугу катышкан чогулуштун компетенциясына тиешелүү.