Билим берүүгө 100 жыл
📣📣2024-жылдын 26-августунда Кызыл-Кыя шаарында мугалимдердин жыл сайын өтүүчү август кеңешмеси
«Билим берүүгө 100 жыл: трансформация чакырыктары жана жаңы горизонттор » деген темада өткөрүлдү. Кеңешмеде Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асылбек Жоробаевич, вице-мэр Илязбек Бабаев, шаардык кеңештин депутаты А.Маматов, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Д.Матосмонова, профсоюз уюмунун төрайымы Үмүтай Нуралиевналар тарабынан мугалимдерге куттуктоолор айтылып, грамоталар, белектер берилди. Мектебибиздин кыргыз тили мугалими Сайпидинова Уринса жана башталггыч класс мугалими Карабаева Раана эжекелер балдарга билим тарбия берүүдөгү жетишкендиктери үчүн шаар мериясынын, шаардык кеңештин «Ардак грамотасы» менен сыйланышты. Чарба кызматкери Салиева Ырысбүбү эжекенин 60 жаш кутман курагы менен шаардык профсоюз уюму тарабынан куттукталды.Эжекелерибизди ийгиликтери менен куттуктайбыз
💐💐💐💐💐💐 💐💐 💐💐💐💐
Комментарии