Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзыманын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзыманын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата мектебибизде чоң иш-чара болуп өттү.
Таң эрте эмгек жамаатыбыздын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери окуучуларды,мугалимдерди, ата -энелерди кыргыздын салты жети токоч менен тосуп, ыссык боорсок сунушуп, баарына жакшы маанай тартуулашты. Иш-чарада мектеп директору Эрматов Алмаз Кудайбердиевич эне тил күнүнүн маанилүүлүгүнө жана эне тилибиздин тарыхына токтолуп, иш-чаранын катышуучуларын куттуктап өттү.
Иш чарада окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, эне тилди даңазалаган номерлер аткарылды.
Комментарии